Бишкек шаарындагы аялдамалардын биринде белгисиз жаран каза болду
Бишкектеги аялдамалардын биринде белгисиз бир жаран каза болду. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу билдирген.
Маалымат боюнча, окуя бүгүн Ахунбаев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде саат 11:30 чамасында болгон. Окуя болгон жерде Тез жардам кызматы чакырылганы маалымдалууда, бирок ал жерге Тез жардам кызматы барган эмес. Учурда маркум эмне себептен каза болуп калгандыгы боюнча маалымат бериле элек.
Бирок борбор калаанын Тез жардам кызматынын билдирүүсү боюнча аларга эч кандай чакыруу түшкөн эмес. Милиция кызматкерлери учурда окуя боюнча териштирүү иштерин баштаган.