Бишкек шаардык кеңештин депутаты менен мэриянын кызматкерлери 43 миллион сомду өзүлөрүнө ыйгарып алышкан
УКМК тарабынан Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаардык администрациясынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары бюджеттик каражаттарды үгүт иштерине жана жеке кызыкчылыктарга жумшоо максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 8-июнундагы №60-"Бишкек шаарында жарандык демилгелердин долбоорлорун ишке ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомун кабыл алуу менен бюджеттик каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында мыйзамсыз механизм түзүлгөн. Ошол эле учурда, бул жарандык долбоорлор жалаң гана БШКнын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин демилгеси менен ишке ашырылган. Натыйжада 43 миллион сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алуу иштери жүргүзүлгөн.
Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.