Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү (сүрөт)
Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолунун 207-чакырымында үч жерде кар көчкү түшүп, жолдун бир тарабын жаап калган. "Биринчи жерде 3600 метр куб, экинчи жерде 600 метр кубду түзөт. Жолдун бир тарап жагын жаап калган кар көчкүнүн көлөмү 1530 метр куб. Ал эми үчүнчү жерге 105 метр куб кар көчкүсү түшүп, жолго жеткен эмес. Ошондой эле 208-чакырымында дагы кар көчкү түшүп, жалпы көлөмү 105 метр кубдан турат, жолго жеткен эмес", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрликтин маалыматы боюнча, аталган кар көчкүдөн жабыркагандар катталган эмес. Учурда кар көчкү түшкөн жерлерде атайын техника тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.



