Бишкек - Ош унаа жолуна кар көчкү түштү
Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымына кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аймакка кар көчкү болжол менен таңкы саат 06:20лар чамасында, узундугу 100 метр, бийиктиги 2400 куб метрде түшкөн.
“Учурда кар көчкү түшкөн жерге техникалык унаалар иштеп жатат. Жолдор четинен ачыла баштады”,- деп айтылат маалыматта.