Бишкек-Ош жолунда ун жүктөп бара жаткан жүк ташуучу унаа өрттөндү (сүрөт)
Бишкек-Ош унаа жолунун 219-чакырымында Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын чиркегичи жана жүктөлгөн ун күйгөн. Азыркы учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүп жатат. Өрттүн себеби такталып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бир сутканын ичинде 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган