SerepTV Logo

Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп кетти

Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп кетти
Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында күйүүчү май ташыган автоунаа күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. Кырсык катталган аймакка саат 14:30да 1 өрт өчүрүүчү эсеп тартылып, саат 15:42де жалын чектөөгө алынды. Өрт саат 17:00дө толук өчүрүлдү. Унаанын ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылды, анын аты-жөнү такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="83483,83484,83485"]