Бишкек-Ош жолунда катталган жол кырсык 6 адамдын өмүрүн алды
Кечээ, 11-августта саат 04:45 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен району аркылуу өткөн Бишкек-Ош жолунун 487-чакырымында жол кырсыгы катталган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.
"1983-жылы туулган жарандын башкаруусундагы SSANGYOG-KORANDO үлгүсүндөгү унаасы Бишкек багытынан Ош багытын көздөй башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыгып 1986-жылы туулган жарандын башкаруусундагы RENAULT-PREMIUM үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн.
Кесепетинен SSANGYOG-KORANDO үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жүргүнчү катары бара жаткан 4 адам каза болгон. Ал эми 1 адам Шамалды-Сай шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө алган жаратынан улам каза болгон", - деп айтылат маалыматта.