Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып, жол кыймылына тоскоолдук жаратты (сүрөт)
Бишкек-Ош унаа жолунун 420-чакырымындагы Беке-Чал тилкесинде чиркегичи бар MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 09:00дө ӨКМге унаалар өтө албай, жол тыгыны пайда болуп, 500дөн ашуун унаа токтоп тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кырдаалды жоюу максатында ӨКМдин ыкчам тобу иш алып барышууда, ошондой эле 1 автокран жана 1 жүктөгүч тартылып, оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгарылды. Учурда жол бир тараптуу ачылып, унаалар өтүп жатат. Жабыркагандар жок.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="85094,85095,85096,85097"]