Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, 4 киши ооруканага жеткирилди (сүрөт)
Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык катталган аймакка өрттү өчүрүүгө саат 14:29да 1 күжүрмөн эсеп, саат 14:38де авариялык куткаруу унаасы менен 3 куткаруучу жана ИИМден 1 экипаж жөнөтүлгөн. Өрт саат 15:40та толук өчүрүлдү.
Тилсиз жоонун кесепетинен 4 адам жабыркап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканага жеткирилген. Ошондой эле Мерседес-Бенц жана Хонда-СРВ жеңил унаалары күйгөн.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="210563,210564,210565,210566,210567,210568,210569"]