Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 1 адам көз жумуп, 4 адам жаракат алды
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 114-чакырымында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 4 эркек киши жабыркап, 41 жаштагы эркек киши көз жумду. "Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жабыркагандар Тез жардам кызматы менен райондук ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.