Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда 2 адамдын өмүрү кыйылды (сүрөт)
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-декабрь күнү саат 00:22 чамасында Кочкор районунун Семиз-Бел айылынын тушунда БМВ үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек, 1 аял киши каза болгон. Куткаруучулар алардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жерине 4 куткаруучу, Тез жардам кызматы тартылган. Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталып жатат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="87667,87666,87665"]