SerepTV Logo

Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда ири өрт чыкты

Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда ири өрт чыкты
Бүгүн, 18-февраль күнү Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында ири өрт чыкты. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан ырасташты. Алдын ала маалыматтар боюнча, Чүй облусунун Токмок шаарына жакын Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында ачык аянтта камыштан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 18:39да төрт бөлүм тартылды. “51-чакырымга жакын май куюучу станция (АЗС) болгондугуна байланыштуу 4 бөлүм тартылды", - деп билдирди басма сөз кызматынын өкүлү. Камыштан чыккан өрттү май куйуучу станцияга жеткирбей саат 20:24тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. [video width="352" height="640" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/1096a86b-4d77-44cf-a75a-b40ecbb6b6a0.mp4"][/video]  
Unknown Author