SerepTV Logo

Бишкек мэриясы: "Таштанды төгүүчү жайды белгисиз жарандар өрттөп кетишти"

Бишкек мэриясы: "Таштанды төгүүчү жайды белгисиз жарандар өрттөп кетишти"

Бишкек шаарынын таштанды төгүүчү жайын белгисиз адамдар өрттөп кетишти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 16-июнга караган түнү болгон. "Бишкек полигону" муниципалдык ишканасынын жетекчилиги укук коргоо органдарына арыз менен кайрылды. Буга чейин таштанды төгүүчү жайдын аймагына өрттү өчүрүү үчүн 150 машина чопо алып келинген.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="56028,56029"]
edita