Бишкек менен Чүйдө өспүрүмдөр баңгизат таратып келишкен
Жашы жете элек балдарды өзүнө тартуу менен синтетикалык баңгизаттарды таратуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды таратуунун туруктуу каналы аныкталган. Бул каналдын уюштуруучулары чет мамлекеттердин биринде жүрүп, Кыргызстандагы жашы жете элек балдарга мыйзамсыз баңгизаттарды таратууга тартуу боюнча практикалык иштерди жүргүзүшкөн, ал балдар чет өлкөлүк кураторлордун көрсөтмөсү менен ар кандай коомдук жайларда баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясын катып жүрүшкөн. Каалаган адам электрондук капчыктар жана банктык которуулар аркылуу алдын ала төлөө жолу менен баңгизаттардын координаттары тууралуу толук маалыматты алышкан. Мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосундагы жеке байланыш болбогонуна, алардын алыскы байланыш каражаттарын жана жашынма жерлерди колдонуусуна карабастан, УКМК органдары кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин бетин ачууга жетишкен.
"Топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Бул каналдын чет элдик уюштуруучуларына карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чаралары баштоо демилгеленет", - деп айтылат маалыматта.