"Манас" аэропорту жолундагы ызы-чуу. 4 айдоочуга 15 миң сомдон айып салынды
Авто ээнбаштык жасаган айдоочулар кармалууда. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
"5-ноябрь күнүнө караган түнү Бишкек-Манас унаа жолун жаап, унаа жарыш кылабыз деп жаткан жеринен 2 БМВ жана Ауди 80 үлгүсүндөгү унаалар кармалып, айдоочуларына карата Укук бузуу кодексинин 189-беренесине протоколдор түзүлүп, айдоочуларга ар бирине 15 миң сомдон айып пул салынды жана унаалары Сокулук аймагынын айып короо жайына киргизилди. Учурда дагы бир БМВ унаасынын айдоочусуна карата протокол түзүлүп жатат", - дешти.
Калган жол эрежесин бузууга аракет кылган унаалардын баары изделүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram