Бишкекте кыз ала качууга шектелгендер кармалды
Милиция кызматкерлери кыз уурдоого шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-июлда Октябрь РИИБге кыз арыз менен кайрылып, аны ошол эле күнү саат 09:30 чамасында Бишкектеги 8-кичирайонунда ала качкан жарандарга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 172-беренеси (никеге туруу үчүн адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1995 жана эки 1996-жылы туулган жигиттер кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотто бөгөт чаралары каралып, 2 айга камакта калтырылган. Тергөө уланууда.