SerepTV Logo

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын экс-жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев үй камагына чыгарылды

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын экс-жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев үй камагына чыгарылды
Сот "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын мурунку жетекчиси Дүйшөн Ирсалиевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул туурасында Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, Ирсалиев сотко чейинки өндүрүш аяктагыча, тактап айтканда, 2021-жылдын 6-майында чейин үй камагында болот. Ирсалиев келтирилген чыгымдын эсебинен мамлекетке 20 млн сом төгүп бергени айтылат.
Эскерте кетсек, ушул жылдын январь айынын башында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Бишкек» эркин экономикалык аймагында акча каражаттарын чыгарып кетүүнүн туруктуу коррупциялык схемасы аныкталганын билдирген. Бул иштин алкагында дирекциянын мурунку башкы директору жана аткаруучу директору кармалган. Эртеси сот аларды камакта кармоо чечимин чыгарган.
Unknown Author