SerepTV Logo

Бишкек-Чалдовар жолунда кырсык катталып, эки киши каза болду (видео)

Бишкек-Чалдовар жолунда кырсык катталып, эки киши каза болду (видео)
Чүйдө 2 адамдын өмүрүн алган автокырсык катталды. Дагы бир жабырлануучу ооруканага жеткирилгенин Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти. Жол кырсыгы 5-февралда Бишкек-Чалдовар жолунун 71-чакырымында Эфиринос айылынын тушунда болгон. "30 жаштагы айдоочу өзүнүн ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, Мерседес-С180 унаасы менен сүзүшкөн. Мерседес-С180 унаасы 26 жаштагы жарандын башкаруусунда болгон. Кырсыктын кесепетинен ВАЗ-2106 унаасынын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү Панфилов райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болушту. Ал эми Мерседес-С180 унаасынын айдоочусу райондук ооруканада жатат", - дешти маалымат кызматынан. [video width="400" height="400" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/fbfccb70c25c28e476c80.mp4"][/video]  
admin@supertv.kg