SerepTV Logo

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев камакта калтырылды

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев камакта калтырылды
6-октябрда Биринчи Май райондук соту «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Урмат Карыбаевди камакта калтырды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.  Маалыматка караганда, ал 16-октябрга чейин СИЗОдо болот. Урмат Карыбаев Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелүүдө.