Бирөөнүн унаасынын документин жасалмалап, менчиктеп алган жаран кармалды
Москва районунда документтерди жасалмалоо менен башка жарандын унаасын менчиктеп алган киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын август айынын орто ченинде Москва районунун ички иштер
бөлүмүнө 38 жаштагы М.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал таанышы ишенимине кирип, 2019-жылдын ноябрь айында автоунаасын карызга алып, 2020-жылдын июнь айына чейин бөлүп төлөп берүүгө убада кылып, ошол боюнча жашаган жерин которуп, качып жүргөнүн билдирген.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардык бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган С.Р. аттуу Садовое айылынын жашоочусу кармалган.
Териштирүү учурунда кармалган жаран автонунаанын ээсинин уруксааты жок, документтерди жасалмалап, автоунааны өзүнө өткөрүп алганы белгилүү болгон. Шектүү жаран Москва РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.