Биринчи Май райондук сотунда Абдил Сегизбаевдин тарапташтары чогулду. Сот анын баш коргоо чарасын узартышы мүмкүн
УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевди баш коргоо чарасын узартуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна алып келишти.
Белгилей кетсек, сот имаратына Сегизбаевдин болжол менен 15 тарапташы чогулган. Сегизбаев тарапташтарына аны колдоп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, Сегизбаев 25-январда Аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон болчу. Кийинчерээк Башкы прокурор Курманкул Зулушев ага карата 6 кылмыш иши козголгонун айткан эле. 27-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 25-мартка чейин камакта калтырылган.