SerepTV Logo

"Биримдик" партиясына акча топтогон Соцфонддун мурдагы жетекчилери соттолду

"Биримдик" партиясына акча топтогон Соцфонддун мурдагы жетекчилери соттолду
Социалдык фонддун мурдагы жетекчиси Медер Ирсалиевге жана мурдагы аппарат башчысы Акылбек Атабаевге карата өкүм чыкты. Ирсалиев “кылмышка кошо катышуу” жана “коррупция” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып пул салынды. Атабаев “кылмышты аткаруу” жана “коррупция” беренелери менен айыптуу болуп, 220 миң сом айып пулга жыгылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан маалымдашты. Алар 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил “Биримдик” партиясынын үгүт иштери үчүн Социалдык фонддун аймактык жетекчилеринен акча чогулткан деп айыпталып, кармалган болчу. Ирсалиев жана Атабаев тергөө менен кызматташууга барып, коюлган айыпты толугу менен мойнуна алган жана башкаларга көрсөтмө берген.
Unknown Author