SerepTV Logo

Бир түндө өлкөдө 47 мас айдоочу кармалды

Бир түндө өлкөдө 47 мас айдоочу кармалды
Рейддик иш-чаранын алкагында бир түндө 47 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. ИИМдин эки айлык иш-мерчеминин алкагында өткөрүлгөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында 27-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жол эрежелерин одоно бузган 3052 айдоочулар аныкталды. ?Алардын ичинен:
  • мас абалында унаа башкарган 47 айдоочу;
  • тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 140 айдоочу;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган 466 айдоочу;
  • каршы тилкеге чыгып унаа башкарган 24 айдоочу;
?Ошондой эле 305 унаа одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчун айып короо жайына токтотулду.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Байказы Айтикул уулу (@baikazy_official)

edita