Өлкөдө бир суткада 7 өрт кырсыгы катталды
Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Бишкектин Свердлов районундагы 5 кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатындагы батирде кире бериш бөлмөнүн 5 чарчы метр дубалы, пластик шыбы, линолеум, 2 жыгач эшик күйгөн. 2 адам өрт өчүрүү кызматкерлери тарабынан куткарылган. Үйдүн жашоочусу колу, төшү, бетинен күйүк алган. Ал Тез жардам кызматы тарабынан күйүк бөлүмүнө жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.
Чүй облусунун Кайыңды шаарында жайгашкан үйдүн 8 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Баткен облусунун Үч-Коргон айылында унаа тетиктерин саткан “ДЭУ” аталышындагы дүкөндүн 25 чарчы метр жер төлөөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="51548,51549"]