Бир күн мурда абактан чыккан инисин жип менен муунтуп өлтүргөн делип эжеси кармалды
Ысык-Атада киши өлтүрүүгө шектелип 39 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 30-июнда Ысык-Ата РИИБге Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жансыз денени кароо учурунда анын денесинен жаракаттар байкалып, анын 1985-жылы туулган жаран экендиги такталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган каза болгон жарандын бир тууган эжеси кармалды. Териштирүү учурунда каза болгон жаран 29-июнь күнү жаза өтөөчү мекемелердин биринен бошотулуп, жакындары менен түлөө өткөрүшүп, эртеси эжеси экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, эжеси аны жип менен муунтуп салганы маалым болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.