Бир катар уурулукка шектелип Жалал-Абадда издөөгө алынган жарандар Жайыл районунда кармалышты
Жайыл районунда кызматкерлери тарабынан түштүк аймагынан уурулукка шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр буга чейин бир катар уурулукка шектелип Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ИИБи тарабынан изделип жатышкан. 30-март күнү Чүй облусунун криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралырынын натыйжасында Жайыл районунун Сосновка айылындагы стационардык тосмодон кылмышка шектүү 4 жаран кармалды. Алар 1998-жылы, 1999-жылы, 1993-жылы жана 2000-жылы туулган жарандар экени аныкталды.
Кармалган жарандар жүргөн автоунаага кароо жүргүзүү учурунда 50дөн ашык уюлдук телефондор жана 70тен ашык "Самсунг" жана "Редми" үлгүсүндөгү телефондордун бош кутулары табылды. “Шектүү жарандар Жайыл РИИБине жеткирилип, териштирүү учурунда алар Ноокен жана Өзгөн райондорунан бир нече кылмыштарга тиешеси бар экендигин билдиришти”, - деп жазылат маалыматта.
[gallery columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="32432,32433,32434,32435"]
[video width="960" height="540" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/vid-20210331-wa0009-2.mp4"][/video]