Бир жумада мас абалында унаа башкарган 75 айдоочу кармалды
17-декабрдан тартып 23-декабрга чейин Бишкек шаарынын аймагында Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 4638 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Алардын ичинен:
- Мас абалында авто унаа башкаруу -75 айдоочу;
- Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 20;
- Айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу - 49;
- Жасалма номур менен унаа айдоо - 3;
- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 124;
- Башка жол эрежелерин бузуулар - 4367;