SerepTV Logo

Бир жумада 336 чет өлкөлүк номурлуу унаа эреже бузган

Бир жумада 336 чет өлкөлүк номурлуу унаа эреже бузган
Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде жол эрежелерин бузган 336 чет өлкөлүк номурлуу унаа аныкталды. Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматкерлери 12-февралдан 19-февралга чейин каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу 336 унааны аныктады. Алардын ичинен 73ү Орусиянын, 9у Армениянын, 8и Азербайжандын, 229у транзиттик номур, 17си башка өлкөнүн номуру тагылган унаалар болчу. Булардын баарына Мыйзам бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор түзүлдү. Анын ичинен 9 чет өлкөлүк номур тагылган унаа айып короого токтотулду. Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматы видео камералардан жашынып, катуу ылдамдыкта унаа башкарган айдоочуларга, ошондой эле каттоо мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк номурлуу унааларга мындан ары да текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат.
edita