SerepTV Logo

Бийчи Жан Воиновдун эки жан сакчысы кармалды

Бийчи Жан Воиновдун эки жан сакчысы кармалды

Бийчи Жан Воиновдун эки жан сакчысы кармалды. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Буга чейин милиция маалымат таратып, 30-июнда Биринчи Май РИИБге Ж.Т. аттуу жаран арызы менен кайрылганын, эле күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринде В.Ж. аттуу жаран коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин атайылап жана одоно бузуп, негизсиз түрдө дене жаракаттарын келтиргендигин билдирген. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, бийчи Жан Воинов кармалган. Ал соттун чечими  менен 1 айга камакта калтырылган.
edita