SerepTV Logo

"Бети, моюну, колу..." Чүйдө цехте өрт чыгып, эки кароолчу жандандыруу бөлүмүнө түштү

"Бети, моюну, колу..." Чүйдө цехте өрт чыгып, эки кароолчу жандандыруу бөлүмүнө түштү

Чүйдөгү өрт кырсыгынын кесепетинен 2 адам күйүк алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй районунун Виноградный айылында жайгашкан эски иштетилбеген винзаводдун аймагында азыркы учурда менчик механизациялаштырылган парк катары колдонулуп жаткан цехтин ичинде таштанды, мазут жана автопокрышкалар күйгөн. Өрттү ишкананын кароолчулары өчүрүүгө аракет кылып, 1985-жылы туулган жаран бет, моюн жана колунан күйүк алган. Ал эми 2003-жылы туулган жаран денесинин 50 пайызынан күйүк алган. Жабыркагандар Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Өрт саат 03:15те чектөөгө алынып, 05:31де толук өчүрүлгөн.  Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан чыккан.