Беш-Ташта автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды
Күмүш түстөгү Мерседес-Бенц унаасы "Суусамыр-Талас-Тараз" унаа жолунда автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча маалымат Инстаграмдагы "Interes_talas" баракчасында жарыяланган.
Бул маалымат чыгар замат жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ыкчам кармоо иш-аракеттерин көрүшүп, айдоочусун издеп таап, Укук бузуулар жөнүндө протоколу түзүлүп, 15000 сом айып пул салынып, унаасы айып короосуна токтотулду.