SerepTV Logo

Беш-Күнгөй айылына жеткирип коюуну суранган жигит айдоочуну карактап кеткен (сүрөт)

Беш-Күнгөй айылына жеткирип коюуну суранган жигит айдоочуну карактап кеткен (сүрөт)
Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 30-июнь күнү Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө Беш-Күнгөй айылында каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Аламүдүн РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан. Ал жерден 1988-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 30-июнга караган түнү саат 01:30 чамаларында белгисиз бирөө анын унаасына отуруп, Беш-Күнгөй айылына жеткирип коюусун суранган. Жолдо баратып, белгисиз үлгүдөгү тапанча менен арыздануучуну коркутуп, бир нече жолу бет тарабына уруп, анын телефонун тартып алып белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кызматкерлр тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин бири нече жолу соттолгон 1999-жылы туулган жигит кармалды. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги такталган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="60880,60881,60882"]