SerepTV Logo

Беловодское айылында жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүүгө шектүү катары 24 жаштагы жигит кармалды

Беловодское айылында жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүүгө шектүү катары 24 жаштагы жигит кармалды

Чүй облусунда адамды өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол көзөмөл башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-май күнү таңкы саат 05:00 чамасында Беловодское айылында айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, из жашырып кеткени такталган. 

«50 жаштагы адам аймактык ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган. Жол көзөмөл кызматынын инспекторлору кылмышка шектүү катары 24 жаштагы жаранды кармашты. Шектүү Москва районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүп берилди. Унаа токтоочу жайга токтотулду», - деп айтылат маалыматта.

edita