SerepTV Logo

Базар-Коргондун тургунун үйүнөн 2 килограммдан ашык баңгизаты табылды

Базар-Коргондун тургунун үйүнөн 2 килограммдан ашык баңгизаты табылды
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жергиликтүү тургундун короосунан 2 килограммдан ашык салмакта баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, 1979-жылы туулган К.И. аттуу жарандын жашаган үйүнүн короосунан капка салынган кара-күрөң түстөгү, өзгөчө кендир жытына ээ болгон зат табылып алынган. Ошондой эле бул ишке байланышы бар делеп дагы эки шектүү жергиликтүү тургун кармалды. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 2 кг 80 грамм марихуана баңгизаты экени аныкталган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Unknown Author