SerepTV Logo

Базар-Коргондо салык бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды

Базар-Коргондо салык бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды
Базар-Коргондо салык бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. "Сот органдарынын уруксаты менен шектүүнүн мыйзамсыз аракеттери жашыруун камерага тартылып, 2025-жылдын 9-январында кармалды. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта. УКМК анын мүлккө жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык карыздарынын бар-жогу жөнүндө маалым кат алуу процессин тездеткендиги, салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлердин ставкаларын азайткандыгы үчүн системалуу негизде пара алгандыгын кошумчалады.  
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от КР УКМК | ГКНБ КР (@gknb.official)