Баткенге аткезчилик жолу менен 3 тоннадан ашык лимон алып келген жаран кармалды
3 тоннадан ашык лимон контрабандасы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун Лейлек районунун тургунунун башкаруусунда бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы токтотулган. Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 3 тоннадан ашык болгон лимон түрүндөгү аткезчилик продукция табылган. Аткезчилик жүк Кыргыз Республикасынын аймагына коңшу республикадан белгиленбеген өткөрүү пункттарынан киргендиги аныкталды. Коштоочу документтердин жоктугуна байланыштуу, кармалган контрабандалык жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө максатында унаа “Баткен” бажы терминалына киргизилди.
Чогултулган материалдар «Баткен» базысынын маалымат жөнүндөгү журналына катталды. Тергөө иштери жүрүп жатат.