SerepTV Logo

Баткендин тургуну түн ичинде кылган кылмышы үчүн кармалды (сүрөт)

Баткендин тургуну түн ичинде кылган кылмышы үчүн кармалды (сүрөт)
Баткенден аткезчилик жол менен асыл тукум малды алып чыгып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, чек ара кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 48 жаштагы тургунун 8-январь күнү түнкү саат 03:00 чамасында Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылындагы Ганжак участкасынан коңшу өлкөгө 5 баш асыл тукум ийри мүйүздүү малды айдап бара жаткан жеринен кармалган. Бул факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="222336,222337,222338"]