SerepTV Logo

Баткендин милиция кызматкерлери буйрутма менен киши өлтүрүүгө шектелүүдө

Баткендин милиция кызматкерлери буйрутма менен  киши өлтүрүүгө шектелүүдө
Баткен облусунда милиция кызматкерлери буйрутма киши өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип Баткен облусу боюнча ички иштер иликтөө кызматынын  башчысы кармалган. Ошондой эле бул кылмышка шектүү катары облустук Жол кайгуул кызматынын кызматкеринин дагы тиешеси бар экендиги айтылды. Бирок ал из жашырып кеткен. Учурда издөөдө жүргөндөрдүн катарында. Ал эми жалпыга маалымдоо каражатттары милиция кызматкерлери шектелип жаткан бул кылмыш иши мындан бир нече жыл мурун болгонун жазып чыгышты. "Учурда шектүү катары кармалган милиция кызматкери кылмыш болгон убакта тергөөчү болуп иштеген. Ал эми изделип жаткан Жол кайгуул кызматынын кызматкери жеке ишкерлердин бирин өлтүрүүгө бирөөлөргө буйрук берген. Бирок жабырлануучу аман калган. Шектүү кармалып, соттолгон. Колониядан чыккандан кийин ал аталган милиция кызматкерлеринен аткарган иши үчүн акча талап кыла баштаган. Анда алар жарым-жартылай сураган акчаны берип, андан кийин калганын төлөөдөн баш тартышкан. Мындан улам кылмышкер милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазып салган. Бирок анда кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу иш токтотулган. Быйыл бул иш кайрадан улантылды", - деп айтылат маалыматта.
Unknown Author