SerepTV Logo

Баткендеги сотмедэксперт эбак жабылган мекемеде иштейм деп айлык алып турган

Баткендеги сотмедэксперт эбак жабылган мекемеде иштейм деп айлык алып турган
Баткендеги сотмедэксперт эбак жабылган мекемеде иштейм деп айлык алып турган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан Баткен облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Тергөө учурунда Кызыл-Кыя шаарындагы химиялык лаборатория 2020-жылдан бери иштебей турганын, бирок лаборатория кызматкери маал-маалы менен жумуш ордун кыдырып, өзүнүн кызматтык милдеттерин иш жүзүндө аткарбагандыгына карабастан, айлык алып жаткандыгы аныкталды. Тергөөгө чейинки аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1 миллион 254 миң 200 сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Баткен соттук-медициналык экспертиза бюросунун жооптуу кызматкерлерине карата зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, андан соң тиешелүү юридикалык баа берилмекчи. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="199492,199493,199494"]