Баткендеги шахтада 33 жаштагы жаран газга ууланды
Кечээ, 25-мартта Баткендин Сүлүктү шаарындагы "Раимбердиев" шахтасында 33 жаштагы жаран газга ууланып, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМге “Марипов” шахтасынын жетекчиси “Раимбердиев” шахтасы урап, ичинде адамдар калып калганын билдирген. Окуя болгон жерге ӨКМдин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары барганда, шахта урабай эле ичинде 1988-жылы туулган эркек киши газга уулангандыгы, аны чогуу иштегендер ооруканага алып баргандыгы маалым болгон. Учурда жабыркаган адамдын абалы туруктуу.