SerepTV Logo

Баткендеги мал базардан 144 миң сом уурдагандар кармалып, акча ээсине кайтарып берилди

Баткендеги мал базардан 144 миң сом уурдагандар кармалып, акча ээсине кайтарып берилди

Баткен облусундагы мал базардан акча уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-июнда милицияга Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 34 жаштагы тургуну кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 6:30 чамасында Халмион айылындагы "Баяман-Баатыр" базарынын жанындагы мал базарда көтөрүп жүргөн сумкасынан белгисиз адамдар 144 миң сом акчасын уурдап кетишкенин билдирип, арыз жазган.

Бул факты Кадамжай РИИБге каттоого алынып, Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 38 жана 29 жаштагы аттуу тургундары кармалып, уурдалган акча өз ээсине кайтарылган. Тергөө иштери уланууда.