Баткендеги каналга агып кеткен аялдын сөөгү табылды (сүрөт)
Баткендеги каналга агып кеткен аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 9-июнда саат 18:25де ӨКМге Баткен шаарынан өткөн Батырханов чоң каналына аял киши агып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 18:40да 9 куткаруучу тартылып, саат 18:50дө аялдын жансыз денеси табылган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="53598,53599,53600"]