Баткендеги каналга 11 жаштагы кыз чөгүп кетти (сүрөт)
Бүгүн, 4-июнда Баткендеги каналга өспүрүм кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМге болжол менен саат 10:59 чамасында Баткен шаарынын Батырханов чоң каналына 2010-жылы туулган кыздын сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге 11 куткаруучу тартылган. Кыздын сөөгү суудан чыгарылып, жакындарына өткөрүп берилди.