SerepTV Logo

Баткендеги жол кырсыктан 2 адам көз жумуп, 7 адам жаракат алды (сүрөт)

Баткендеги жол кырсыктан 2 адам көз жумуп, 7 адам жаракат алды (сүрөт)
Баткендеги жол кырсыктан 2 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсык Исфана-Кайрагач унаа жолунун 13-чакырымында катталган. Анда Honda Stepwgn менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 30 жана 43 жаштагы эркек кишилер көз жумуп, 7 адам ар кандай жаракат алган. Кырсык болгон жерге 3 куткаруучу тартылып, унаада кыпчылып калган жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жабыркаган жарандар Тез жардам кызматы аркылуу Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилди.