SerepTV Logo

Баткендеги Жайылма каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Баткендеги Жайылма каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Баткендеги каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-сентябрда саат 07:50 чамасында Кадамжай районундагы Жайылма каналында болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат.