Баткендеги жайлоодо капыстан ок атылып, 37 жаштагы эс алганы барган адам көз жумду
Бүгүн, 13-июль күнү саат 06:20 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасы кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну денесинен алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп калгандыгын милицияга билдирген. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Бул маалыматтын негизинде териштирүү иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.
11-июль күнү Ак-Сай айылынын 26 жаштагы тургуну менен Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну Геревшин жайлоосуна эс алганы койчу Ак-Сай айылынын 35 жаштагы тургунунун убактылуу жашаган үйүнө барышкан. Эртеси 12-июль күнү үйдүн ээси үйүнүн ичинде өзүнүн ок атуучу куралын октоп жатып, кокусунан атылып кетип, сыртта эшиктин алдынан өтүп бараткан Баткен шаарынын 37 жаштагы тургунуна тийген. Ошол эле замат жарандын жарааттарын байлап, Курбака участкасындагы аскер кызматкерлерине кайрылышкан. Ал жерде медициналык жардам көрсөтүлүп, 13-июль күнү Ак-Татыр айылындагы Баткен-Исфана унаа жолуна жетип келишкен, ал эми ошол учурда жаракат алган жаран көз жумган. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.