SerepTV Logo

Баткендеги базарда өрт чыкты (сүрөт)

Баткендеги базарда өрт чыкты (сүрөт)

Баткенде базардын аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге Халмион базарынын аймагында саат 07:05 чамасында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылып, саат 08:30да өрт чектөөгө алынып, 09:15те өрт толугу менен өчүрүлдү. Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 432 чарчы метр курулуш контейнери күйгөн, жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.