SerepTV Logo

Баткендеги базарда өрт чыгып, 16 жаштагы өспүрүм каза болду (видео)

Баткендеги базарда өрт чыгып, 16 жаштагы өспүрүм каза болду (видео)

Баткен облусунун Раззаков шаарында жайгашкан "Мадамин" базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:24тө Лейлек райондук №74 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 11:55те чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен жабыркаган 16 жаштагы өспүрүм Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилип, ооруканада каза болгон. Өрттүн аянты 42 чарчы метр түздү, өрттүн чыгуу себеби такталууда.