SerepTV Logo

Баткенде унаа толугу менен күйүп кетти

Баткенде унаа толугу менен күйүп кетти
Кадамжай районунда автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты. "Кадамжай районунун аймагындагы Ош-Исфана унаа жолунда АСJ Хундай Аванте үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 3 куткаруучу тарабынан саат 16:22де өрт чектөөгө алынып, саат 16:30да толугу менен өчүрүлгөн. Тилекке каршы, унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес. Өрттүн себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.