SerepTV Logo

Баткенде унаа жөөлөп, жолдон чыгарып салып, из жашырган айдоочу табылды

Баткенде унаа жөөлөп, жолдон чыгарып салып, из жашырган айдоочу табылды
Артында бара жаткан унааны сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 29-сентябрь күнү саат 14:50 чамасында Кадамжай району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 182-чакырымында Кадамжай районунун тургунунун башкаруусундагы Мерседес-Бенц- Е260 үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыгып, астында бир багытта бара жаткан Лексус-570 үлгүсүндөгү унаадан озуп өтүп бара жаткан учурда Лексус-570 үлгүсүндөгү унаа оң капталын сүзгөн учурда Мерседес-Бенц-Е260 үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, ала салып, жол кырсыгына учураган. Окуя болгон жерден Лексус-570 үлгүсүндөгү унаа белгисиз тарапка качып кеткен. Азыркы учурда Лексус-570 үлгүсүндөгү унаасы жана айдоочусу кармалып, унаасы айып короого киргизилип, айдоочу тергөө кызматына өткөрүп берилди.